Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-апрели № 15
«Азия-Энерго» ЖЧКнун 2017-жылдын 8-августундагы №6 кичи ГЭС куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун жана айыл өкмөттүн бул маселе боюнча сунушун карап чыгып жана талкууулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18 жана 82-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» мыйзамынын 5 жана 6- беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31, 36 жана 37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кичи ГЭС куруу үчүн Чапаев айыл аймагынын №8 контурунда жайгашкан аянты 2 га жер участогун «Азия-Энерго» ЖЧКна ижарага 49 жылга бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөттүн сунушуна макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алманиязов |