Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июну № 19
Чапаев айыл аймагынын жайыт комитетинин эпизоотиядан өлгөн же анын таралып кетишин алдын алуу тартибинде союлган айыл чарба жана үй жаныбарларынын өлүктөрүн көмүү үчүн (мал көмүлгөн жай) жер тилкесин бөлүп берүү сунушун карап чыгып, бул тууралуу айтылган маалыматты угуп жана талкуулап, жаныбарлардын жана адамдардын жалпы илдеттеринен калктын ден соолугун сактоо, жана ошондой эле жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын таралып кетүүсүн алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31, 36-37-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 4-бөлүгүнө, 26-беренесине, 73-беренесинин 1-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» мыйзамынын жоболоруна ылайык Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) долбоору боюнча мал көмүлгөн жайды куруп-салуу үчүн №184 контурунан жер тилкесин бөлүп берүү сунушуна макулдук берилсин.
2. Жайыт комитети бөлүнүп берилген жер тилкесин максаттуу багытта пайдалануусун камсыз кылсын.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алманиязов |