Редакцияот 21.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

2017-жылдын 21-июну № 22

«Спартак-Суу» жана «Сармурза» ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмелеринин иш-аракети жөнүндө

 

«Спартак-Суу» жана «Сармурза» ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмелеринин (ИСКАКБ) жетекчилигинин Коомдордун иш-аракети жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, 2017-жылдын 27-февралындагы жашоочуладын-суу пайдалануучулардын жыйынынын чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31,36-37-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Ичүүчү суу жөнүндө» мыйзамынын 5 жана 6-беренелерине ылайык, «Спартак-Суу» жана «Сармурза» ИСКАКБнин уставдарынын негизинде Чапаев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Спартак-Суу» жана «Сармурза» ИСКАКБ:

1) төмөнкүдөй маселелер боюнча өзүнүн иш-аракетин айыл өкмөт менен макулдашсын:

- ИСКАКБдын бюджетин түзүү;

- ИСКАКБдын штаттык ырааттамасын түзүү;

- ИСКАКБдын иштөөчүлөрүнүн эмгек акысынын жана ичүүчү суу үчүн абоненттик төлөөлөрдү чогултуучулардын пайыздык төлөмдөрүнүн өлчөмүн белгилөө;

2) ИСКАКБдын макулдашылган чечимдерин ичүүчү сууну пайдалануучулардын жалпы чогулушуна алып чыксын;

3) ИСКАКБнин иш-аракетинин маселелери боюнча жашоочулардын-ичүүчү сууну пайдалануучулардын жыйынын бардык чечимдери айылдык кеңеш менен бекитсин.

2. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.

4. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Р. Алманиязов