Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-августу № 31
Чапаев айылдык кеңешинин 2016-жылдын 15-февралындагы № 6 токтомунун жана 2006-жылдын 31-июлундагы кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 4-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31,36-37-беренелерине ылайык, Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чапаев айыл өкмөтүнө аянты 154800,0 кв.м жер участогу мөөнөтсүз пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
2. Чапаев айыл өкмөтү ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогун белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге тапшырылсын.
5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө жер маселелери, мал чарба, ветеринария жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алманиязов |