Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-декабры № 36
Айыл өкмөттүн бюджетинин киреше бөлүгү жер казынасын пайдалануу укугунун лицензясын кармагандыгы үчүн төлөм – салык эсебинен 250,0 миң сомго кошумча көбөйгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 36 жана 37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн бюджетинин киреше бөлүгү «Жер казынасын пайдалануу укугунун лицензясын кармагандыгы үчүн төлөм» бөлүмү боюнча 250,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
2. 250,0 миң сом төмөнкү бөлүмдөрдүн чыгашаларына багытталсын:
- аткаруу органы (аппарат) | 154,9 миң сом |
- башка категорияларга кирбеген экономикалык маселелер |
35,0 миң сом |
- «Спартак» о.м. | 60,1 миң сом |
Бардыгы | 250,0 миң сом |
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге тапшырылсын.
5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алманиязов |