Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-декабрындагы № 37 «Чапаев айыл аймагында жайгашкан туташ көлмөлөрдүн (суу топтолгон көлчүктөрдүн) астындагы жер участокторун белгилеп бекитүү жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 37
Кабыл алынган
2017-жылдын 18-декабры
Чыгарган
Москва районунун Чапаев айылдык кенеши

Каттоо жана жарыялоо

Жарыялоо
selskaya-news.kg · 2018-жылдын 1-июну
Реестрде
2018-жылдын 23-августу

Реестрде

Минюст коду
410365

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция18.12.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

2017-жылдын 18-декабры № 37

Чапаев айыл аймагында жайгашкан туташ көлмөлөрдүн (суу топтолгон көлчүктөрдүн) астындагы жер участокторун белгилеп бекитүү жөнүндө

 

Чапаев айыл аймагында жайгашкан туташ көлмөлөрдү (суу топтолгон көлчүктөрдү) рационалдуу жана эффективдүү пайдалануу, ошондой эле туташ көлмөлөрдүн (суу топтолгон көлчүктөрдүн) астындагы жер участокторун мамлекеттик каттосун камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жоболоруна, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31,36 жана 37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнө төмөнкү жер участорду пайдалануу укугу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) бекитилсин:

- туташ көлмөлөрдүн (суу топтолгон көлчүктөрдүн) астындагы:

№964 контурунда жайгашкан жалпы аянты 20,3 га, №928 контурунда жайгашкан жалпы аянты 14,4 га, №303 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,4 га, №518 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,2 га, №293 контурунда жайгашкан жалпы аянты 5,4 га жер участоктору;

- саздардын астындагы:

№965 контурунда жайгашкан жалпы аянты 5,2 га, №926 контурунда жайгашкан жалпы аянты 15,1 га, №517 контурунда жайгашкан жалпы аянты 3,2 га жер участоктору.

2. Айыл өкмөтү ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун Москва районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.

3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге тапшырылсын.

5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Р. Алманиязов

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.