Загрузка документа…
ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-февралы № 38/XI- 27
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актысынын” 8-берененин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Жайыт жерлер жөнүндө” 4- беренесине ылайык, айылдык кеңештин №1- сессиясы жайыт жерлерди колдонууда эффективдүү жана рационалдуу башкаруу боюнча 26-октябрь 2009-жылындагы жайыт колдонуучулардын жыйыныны протоколунун негизинде, Логвиненко айылдык кенеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Жайыт жерлерди колдонууда салык акысы төмөнкү өлчөмдө бекитилсин:
Ири мүйүздүү мал башына 80,0 сом бир башка
Жаш мал (бодо мал) 65,0 сом бир башка
Кой, эчки 17,0 сом бир башка
Жылкы 100,0 сом бир башка
2. Башка айыл аймагынын малдарына эки эсе акы алынсын.
Жайыт комитетинин төрагасынын бир айлык акысы-3500 м.сом.
Жайыт комитетинин эсепчисинин бир айлык акысы-3000м.сом.
Жайыт жерлерин кыдырып кайтаруучуга бир айлык акысы келишимге ылайык.
Эмгек акысынын төлөмдөрүнүн фонду 2018-жылдын 1-март айынан баштап 31-октябрьга чейин төлөнсүн.
Ар кандай төлөмдөр үчүн-20000 м.с.
3. Токтомдун аткарылышын жана төлөмдөрдү чогултуп айыл өкмөтүнө жөнөтүү милдети жайыт комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Р.Д. Суеркулов |