Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-июлу № 44
Айыл өкмөтүнүн башчысы А. И. Бакировдун айыл өкмөтүнүн башчысына коюлган протоколдук тапшырмалар, аларды аткаруу үчүн 2018-жылдын бюджетине киргизилбеген акча каражатын бөлүүнү талап кылуу керектиги жөнүндө маалыматын угуп, Биринчи Май айыл кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Вай Фай зонасын жайгаштырууга акча каражаты бөлүнбөсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы А. И. Бакировго “Кыргызмамжердолбоорлоо” институтуна топурактын бонитетине талдоо жүргүзүүгө бааларды берүү жөнүндө өтүнүчү менен кайрылсын.
3. “Техсервис” ЖАК районундагы жер участогу бала бакчаны курууга тиешелүү санитардык ченемдерине ылайык келбегендиги үчүн бөлүнбөсүн.
4. Айыл өкмөтүнүн башчысы А. И. Бакировго көчөлөрдүн көрсөткүчтөрүн орнотуу үчүн акча каражатын издеп тапсын.
5. 2019-жылдын бюджетин түзүүдө канализациялык тармактарын капиталдык оңдоого акча каражатын бөлүү жөнүндө маселе каралсын.
6. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А. И. Бакировго жүктөлсүн.
Төрага | С.У. Дунганов |