Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги 1- сессиясы
2018-жылдын 17-январы № 2
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын бугу айынын 30 дагы №75 “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин 31-бөлүмүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинде белгиленген 8 сааттан ашык иштегендиктери үчүн, ошондой эле коммуналдык чыгымдардын, анын ичинен электр энергиясына болгон төлөмдөрдүн кымбаттагандыгына байланыштуу, айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлерин социалдык жактан колдоо максатында, айыл Өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Г Элебесованын айлык маяна көлөмүн көбөйтүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, талкуулап чыгып, Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семеновка айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин кызмат акыларына кошумча 15% пайыз өлчөмүндө акча-каражаты кошуп берүү жагы каралсын.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Семеновка айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы Э Раимбековго жана ФЭБнүн башчысы Г Элебесовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдук тартипти чыңдоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш” маселелери боюнча № 1 туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Молдогазиев |