Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги 1- сессиясы
2018-жылдын 17-январы № 7
Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Раимбековтун кайрылуусун карап, талкуулап чыгып, Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү көл жээгиндеги чөп чабык жана “Кырчын” жайлоосундагы кайрак (богара) үлүш жерлери өз убагында тийиштүү калкка таралып берилбей калганына байланыштуу таратылып берилсин.
2. Токтомду Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Раимбеков жана “Жер агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, жайыт маселелери боюнча №2 туруктуу комиссиясына жарым жылдык мөөнөттө аткарууга алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин төрагасынын орун басары Тазабеков Муратбек Эсенкановичке жүктөлсүн.
Төрага | А. Молдогазиев |