Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 26
«2016-жылы Теплоключенка айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө» айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн докладьш угуп жана талкууго алып, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 1-январына карата Теплоключенка айыл өкмөтүнүн бюджетинде калган 4439,1 миң сом акча каражатын чыгымдар боюнча сметага ылайык төмөнкүдөй бөлүмдөргө чыгымдоо менен бекитилсин:
-70911 бөлүмүндө 2218 статьясынын 22181100 элементине "Келечек " бала-бакчасынын "Тамак-ашына" келишимдин негизинде 40,0 миң сом, "Солнышко " бала-бакчасынын "Тамак-ашына" келишимдин негизинде 20,0 миң сом,
-70111 бөлүмүндө 2111 статьясынын 21111300 элементине жылдын жыйынтыгы менен аппараттын кызматкерлеринин сыйлоого акысына 232,5 миң сом, социалдык фондко төгүмдөр 40,1 миң сом, 21112 статьясынын 21112300 элементине 18,0 мин сом, социалдык фондко төгүмдөр 3,1 миң сом, 2215 статьясынын 4900 элементине газетага кулактандыруу жарыя кылганга, үй-бүлөөсү тууралуу маалымдаманын банктык кызмат акысына жана баннер жасатууга 16,2мин сом.
-70629 бөлүмүндө 3112 статьясынын 31121290 элементине грейдер сатып салууга 4000,0 миӊ сом.
- 70825 бөлүмүндө 2215 статьясынын 22154900 элементине келишидин негизинде жацы жылдык белектерди алууга - 45,2 миӊ сом.
-70811 бөлүмүндө 2215 статьясынын 22154900 элементине балдар аянтчасын орнотууга кошумча салымга -24,0 мин сом
2. 2017-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн бюджетинде калган акча каражатынын чыгымдалышын толук аткарууга багытталган иш-чараларды регулярдуу түрдө ишке ашыруу Д. Абдыкеримовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет финансы,экономика жана инвестиция тартуу,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Дейимкуловго жүктөлсүн. '
Төрага | Э.А. Темиров |