Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 27
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган "Айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобонун" 21-пунктунун негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында төмөндөгү курамында жер комиссиясы түзүлсүн:
Бекиев К.О. - айылдык кеңештин депутаты, Муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү, Жер комиссиянын төрагасы;
Джумабаева Б.Р. - а/ө жооптуу катчысы, Жер комиссиянын катчысы;
Кобонбаев Т.Ш. - айыл өкмөтүнүн башчысы;
Сакиев А.Г. - жер маселелери боюнча башкы адис;
Шарипова Б.А. - башкы адис-юрист;
Борончиев Д.А. - салыктар боюнча жетектөөчү адис;
Мамбетов Д.А. - а/кенештин депутаты, Муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү;
Акчубаков О.Т. - a/кеңештин депутаты, Муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү;
Токтосунов К.Д. - Ак-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү.
2. Жер комиссиянын иш регламента бекитилсин, тиркелет.
3. Айылдык кецештин 2015-жылдын 15-июлундагы №38 «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготтуу деп табылсын.
Төрага | Э.А. Темиров |