Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 30
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине ылайык Теплоключенка айыл аймагынын жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү оз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана аткаруу оргаңы жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну боюнча жаматтын коп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдетендирилсин.
3. Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же алардын иш жүзүнө ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилбесе, анын ичинен жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланса өткөрүлүп берилбеген ыйгарым укуктары кайра жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайрылып алынары жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы - жайыт комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык оз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматарды берип туруусуна милдетүү.
5. Жайыт комитетине жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу бекитилсин.
6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү карал сын.
7. Токтом тиешелүү сайтка жайгаштырылып, каттоо реестр журналына катталып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция башкармалыгына жиберилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын тейлоо айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Темиров |