Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 31
«2016-жылы Теплоключенка айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө» каржы бөлүмүнүн докладын угуп жана талкууга алый, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алый, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 1-январына карата Теплоключенка айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын каражатында калган 859,9 миң сом акча каражатын чыгымдар боюнча сметага ылайык төмөнкүдөй бөлүмдөргө чыгымдоо менен бекитилсин:
-70911 бөлүмүндө "Келечек " бала- бакчасына 474,2 мин сом анын ичииен: .2215ст.22154900 элементине бүтүрүүчү тайпага белек алууга, баннер жасатууга, жана. газ баллон алууга 30,0 миң сом, 2218 ст. 22181100 элементине балдардын тамак -ашына 126,1 миң сом, 2222 ст.22221100 элементине балдарга отургуч жана шейшептерди алууга 195,1 миң сом, 3112 ст.3230 элементине принтер алууга 13,0 миң сом жана башка каражаттарды алууга 110,0 миң сом.
-70911 бөлүмүндө "Солнышко " бала- бакчасына 147,1 мин сом анын ичинен: 2215 ст. 22154900 элементине баннер жасатууга жана бүтүрүүчү тайпага белек алууга-10,0 миң сом, 2222 ст. 22221100 элементине шейшеп алууга 100,0 миң сом жана 2222 ст. 22221200 элементине башка чарбалык товарларды алууга 37,1 миң сом.
-70111 бөлүмүндө Аппаратка 238,0 миң сом анын ичинен: 2215 статьясынын 4900 элементине сметанын долбооруна 50,0 миң сом, 2221 ст. 22211200 элементине талаанын жолдоруна шагыл таш түшүрүүгө жана грейдер менен жүрүүгө 167,0 мин сом, 2222 ст.22221100 элементине кенсе товар алууга 21,0 миң сом.
- 70111 бөлүмүндө ПРООНго 3112 ст.31123290 башка каражаттарды алууга 0,6 сом.
2. 2017-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын каражатынде калган акча каражатынын чыгымдалышын то лук аткарууга багытталган иш-чараларды регулярдуу түрдө ишке ашыруу Д. Абдыкеримовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет финансы,экономика жана инвестиция тартуу, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С. Дейимкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Темиров |