Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-апрели № 33
Теплоключенка айыл аймагынын калкынын 2017-жылдын 10-мартындагы жалпы чогулушта талкууга алынган мал чарбасына тиешелүү тарифтерди (бада, жайлоодо багуу, койду кыркуу жана купкага салуу) карап, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мал чарбасына тиешелүү тарифтер (бада, жайлоодо багуу, койду кыркуу жана купкага салуу) төмөндөгүдөй бекитилсин:
Жайыт пайдалануучу мал төлөмдөрү (малдын бир башына) | бодо мал, жылкы 100 сом; кой/эчки20 сом (ичинде жайыт жеринин салык толому кирген) |
Мал багууакылары | Бадага чыгуучу малдын башына 1 айга 400 сом |
Жайлоодо багуу үчүн айына бир баш малга: жылкы 300 сом; бодо мал 300 сом кой/эчки 60 сом. биринчи ай, калган айлар 50 сомдон |
койду кыркуу (бир баш) | 50 сом |
купкага салуу (бир баш) | 13 сом |
2. Токтом Кыргыз Республикасына караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин сайтына жайгаштырылып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн ветврачы Ч.О.Төрөевге милдеттендирилсин,көзөмолдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Темиров |