Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-апрели № 35
Теплоключенка айыл аймагынын калкынын 2017-жылдын 10-мартындагы жалпы чогулушта кабыл алынган чечимдин негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга жазгы-күзгү талаачылык жумуштарынын жана мал чарбасындагы тарифтерин сактоо максатында төмөндөгү курамында көзөмөл кылуучу топ түзүлсүн:
- аксакалдар сотунун торагасы Чыныбаев Турганбай Темиралиевич, топтун төрагасы;
- айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адис Сакиев Адилет Гапарович;
- Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тескөөчүсү Иманкалчаев Азамат;
- фермер Балбаев Улан Усенбекович;
- айылдык кеңештин депутаты Асаналиев Адилет Жеңишбекович;
- жаштар уюмунун торагасы Жанузаков Чынгыз;
- жеке ишкер Асанбеков Алыбек
2. Көзомөл кылуучу топ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде иш алып барышсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасына караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин сайтына жайгаштырылып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы аксакалдар сотунун торагасы Т.Чыныбаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн
Төрага | Э.А. Темиров |