Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-апрели № 36
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралыкмамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдан 18-майындагы №01-24/75 буйругунун негизинде айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссия жөнүндө бекитилген жобого ылайык айыл өкмөтүнүн сунушун карап, айылдык аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадрлык маселелерге байланыштуу айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясы 4 жылдык мөөнөткө түзүлгөн комиссиянын курамы өзгөртүлсүн:
Кобонбаев Т.Ш. - а/о башчысы, адм.комиссиянын торагасы;
Садырова Р.К. - а/о башчысынын орун басары, адм.ком.тораганын орун басары;
Шарипова Б. А. - а/о башкы адис-юрист, адм.комиссиянын катчысы;
Сакиев А.Г. - а/о жер маселелери боюнча башкы адис;
Коробаева К.К. - а/о соц.маселелери боюнча жетектөөчү адис;
Төрөев Ч.О. - а/о ветврачы;
Асаналиев А.Ж. - а/к депутаты (макулдугу менен);
Мищенко СВ. - а/к депутаты (макулдугу менен);
Арыков Н. - Ак-Суу райондук архитектура башкармалыгынын архитектору;
Букамбаев М. - Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тескөөчүсү;
Чыныбаев Т.Т. - аксакалдар сотунун торагасы;
Мамытова Б.Б. - аялдар кеңешинин торайымы;
Жанузаков Ч. - жаштар уюмунун торагасы
2. Өз ишинде Адм.комиссия КР Конституциясын, КР Адм.жоопкерчилик жөнүндө Кодексин ж.б. ЧУА, ошондой эле бекитилген Жобону жетекчиликке алышсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасына караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин сайтына жайгаштырылып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
5. Айылдык кеңештин 2015-жылдын 25-декабрындагы № 65 токтому күчүн жоготтуу деп табылсын.
Төрага | Э.А. Темиров |