Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-апрели № 37
Теплоключенка айыл аймагынын калкынын 2017-жылдын 10-мартындагы жалпы чогулушта талкууга алынган таштандыларды ташып-чыгаруу боюнча тарифтерин карап, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймакта таштандыларды ташып-чыгаруу боюнча тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
Таштандыларды ташып-чыгаруу үчүн тарифтери | Калк үчүн 1 үйгө 5 мешокко чейин 1 айга 50 сом; Башка кызмат колдонуучулар: чириген картошка жана курулуш таштандылары үчүн 1 куб 350 сом |
Айыл аймагынын калкы үчүн МТЗ-82 экскаватор тракторунун, жүктөөчү (погрузчик) бир саатка иштетиле турган жана 1 куб жерди казуунун тарифи (күйүүчү майы менен бирге) | Экскаватор МТЗ-82: - жүктөө (кум, топурак карьерден) 1м3- 80 сом - 1 метр траншея казуу терени 1.2 метрге чейин жана көмүү - 80 сом - 1 саатына - 700 сом Жүктөөчү (погрузчик КУН): - жүктөө (курулуш калдыгы, кум, таштандылар) 1м3- 80 сом - 1 саатына - 700 сом |
2. Токтом Кыргыз Республикасына караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин сайтына жайгаштырылып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы "Ак-Суу Тазалык" муниципалдык ишкананын мүдүрү С.Супатаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Щ.Еобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Темиров |