Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-апрели № 42
Айылдык аймактын чегиндеги (жол, ичүүчү суу, көчө электр жарыгы, канализация, айылды көрктөндүүү жана транспорт) маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2017-жылдын 15-февралындагы №2 протоколунун негизинде сунушталып жаткан чечимди карап, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймакта жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан бардык субъекттердин аянттарын абаттоо, жашылдандыруу, жарык берүү, санитардык тазалоо иштери Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарында куруунун, жерди пайдалануунун жана абаттоонун типтүү эрежелерине ылайык тартипке келтирилсин. Аткаруу мөөнөтү -2017-жылдын 1-жарым жылдыгы.
2. Эрежелердин талаптарын менчигинин түрүнө карабастан бардык субъекттер аткарууга тийиш: тегерегиндеги акыр-чикирлерди чыгаруу санитардык тазалоо жана жыйнаштыруунун башкы элементтеринин бири болуп саналат.Тазалообоюнча контролдук жүргүзүүгө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органы, айлана-чөйрөнү коргоо органы, ошондой эле айыл өкмөтү жоопкерчиликтүү болуп бекитилсин.
3. Атайын санитардык тазалоо, акыр-чикирлерди жыйноо жана ташып чыгаруу жүргүзүлүүгө тийиш.Ар бир менчигинин түрүнө карабастан бардык субъекттер менен келишим түзүп, ыкчам түрдө иштерди башташ керек; бул ишке «Ак-Суу Тазалык" муниципалдык ишканажоопкерчиликтүү болуп бекитилсин.Аткаруу мөөнөтү - 2017-жылдын 2-кварталы.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге милдеттендирилсин, козөмөлдөө жагы Айылдык аймактын чегиндеги (жол, ичүүчү суу, көчө электр жарыгы, канализация, айылды көрктөндүрүү жана транспорт) маселелери боюнча туруктуу>комиссияга (Каранаев А.А.) жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Темиров |