Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-июну № 48
Айылдык кеңештин төмөндөгү туруктуу комиссиялардын: муниципалдык менчик (жер, мүлк),айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча, айылдык аймактын чегиндеги (жол, ичүүчү суу, көчө электр жарыгы, канализация, айылды көрктөндүрүү жана транспорт) маселелери боюнча, социалдык маселелер (маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, туризм, спорт, жаштар жана гендердик саясат) боюнча туруктуу комиссиялардын сунушун угуп, талкууга алып, айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чернобыль АЭСтин кесепеттеринен жапа чеккен жана көзү откон жарандарга арналган стелланы орнотуу үчүн Кыдыр-Аке көчөсүндөгү Ооган согушунда курман болгондорго коюлган эстеликтин күн батыш тарабындагы бош турган жер тилкесинен жер бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтом тиешелүү сайтка жайгаштырылып. каттоо реестр журналына катталып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Темиров |