Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-июну № 53
Айылдык кеңештин Муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча жана бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиялардын 2017-жылдын 23-майындагы биргелешкен отурумунун чечимин карап, талкууга алып, айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Заря" айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин ижарадагы жерлердин 211 га ижара акылары 7000 (жети миң) сом болуп бекитилсин.
2. Токтом тиешелүү сайтка жайгаштырылып, каттоо реестр журналына катталып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн
Төрага | Э.А. Темиров |