Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-июну № 55
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы №98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамын жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы №98 "Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамынын 11 -беренесинин 2-пунктуна ылайык Теплоключенка айыл аймагынын кичи МАИ постунда жаңы шайлоо участогу түзүлсүн.
2. Жаны шайлоо участогунун схемасы жана чек аралары айыл өкмөтү тарабынан аныкталып, Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
3. Токтом тиешелүү сайтка жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып. юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | Э.А. Темиров |