Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-июну № 56
Айылдык кеңешинин Муниципалдык менчик (жер,мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ,СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде, Теплоключенка айылдык аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айыл аймагынын Теплоключенка айылынын борборундагы мечиттин аянтын чоңойтуу максатында мечитке тиешелүү жер тилкенин факт боюнча 2599,0 м ашыкча аянтын жаңы мечит курууга Теплоключенка айыл өкмөтүнө муниципалдык менчикке кошуп берүүгө макулдук берилип, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
2. Токтом Кырыгыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтү башчысы Т.Ш. Кобонбаевге жүктөлсүн, козөмолдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай коммуналдык чарбадагы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Э.А. Темиров |