Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 58
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-июлундагы №139 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №302 "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун негизинде айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегиндеги кызматтардын акыларын карап, талкууга алып, айыпдык аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык кызмат керсөтүүлөрдүн кошумча тизмедеги кызматтар акысыз көрсөтүлсүн, тиркелет.
2. Ушул токтом каттоо реестр журналына катталып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн сайтына жайгаштыруу үчүн жиберилсин, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | Э.А. Темиров |