Редакцияот 10.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 10-ноябры № 02

Идентификациаланган бодо малдардан алынуучу тарифин бекитүү жѳнүндѳ

 

КР Ѳкмѳтүнѳ караштуу кетеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспециясы-Ысык-Кѳл райондук башкармасынын 24.10.2017-жылдагы №04-235 катынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. КР «Жаныбарларды идентификациалоо жѳнүндѳ» 06.03.2013 жылдагы № 91 мыйзамына, КР «Ветеринария жѳнүдѳ» мыйзамына ылайык жана КР Ѳкмѳтүнүн 02.12.2014-жылдагы №694 «Жаныбарларды идентификациалоо жѳнүндѳ жобосун бекитүү боюнча» токтомуна ылайык, Кара-Ой айыл аймагында малдарды идентификациалоо эки кулагына бирка тагуу жагы, айыл ѳкмѳтүнүн жеке менчик ветеринардык адиси Кыдыралиев Сыртбай Капаровичке милдеттендирилсин жана ар бир бодо малдын башынан 30 (отуз) сом ѳлчѳмүндѳ тарифи бекитилип алынсын.

2. Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана келишимди түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.

 

Төрага

Б.У. Усенбеков