КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН XXVII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ СЕГИЗИНЧИ СЕССИЯСЫ
2017-жылдын 20-декабры № 01
Кара-Ой айыл аймагынын 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун жана Кара-Ой айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап, талкуулап чыгып Кара-Ой айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагынын 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча баардыгы 20926,2 (жыйырма миллион тогуз жүз жыйырма алты мин эки жүз) сом, анын ичинен жергиликтүү бюджетинин эсеби 20126,2 сом (жыйырма миллион бир жүз жыйырма алты мин эки жүз) сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен жана атайын эсеби 800,0 (сегиз жүз мин) сом менен бекитилсин.
2. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы, бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго жана ФЭБнун башчысынын убактылуу м.а. А.Жайнаковага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, каржы жана экономика» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |