Редакцияот 20.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН XXVII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ СЕГИЗИНЧИ СЕССИЯСЫ

 

2017-жылдын 20-декабры № 08

БСР жана магистралдык каналдардын жнр тилкелерин муниципалдык менчике бекитүү жѳнүндѳ

 

БСР жана бул оъектиге тиешелүү магистралдык каналдардын жер тилкелерин Кара-Ой айыл ѳкѳтүнүн муниципалдык менчигине бекитүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлиги астындагы Суу чарба жана мелиорация департаментинин Суу чарбасынын объектилерин куруу боюнча дирекциясынын №195 04.12.2017-ж.катынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Ой айылынын түндүк тарабында жайгашкан БСРи жана бул объектиге тиешелүү болгон магистралдык каналдарды, баардыгы 54,27 га жер тилкеси, Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигине бекитилсин.

2. Тиешелүү иш кагздарды даярдоо жагы райондук мекемелерден суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысына (К.Т.Тюлегеновго) тапшырылсын.

 

Төрага

Б.У. Усенбеков