Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН XXVII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ СЕГИЗИНЧИ СЕССИЯСЫ
2017-жылдын 20-декабры № 12
Магистралдык каналдарды, лотокторду куруу жана убактылуу ѳндүрүштүк база жайгаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлиги астындагы Суу чарба жана мелиорация департаментинин Суу чарбасынын объектилерин куруу боюнча дирекциясынны 04.12.2017-жылдагы № 195 катынын жана «Ысык-Кѳл районунун Кара-Ой айыл аймагындагы жерлерди сугаруу» проектисинин негизинде, Кара-Ой айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Магистралдык канлады курууга 10,26га; башкы суу тосмосун курууга 0,23га; лотокторду курууга-17,49га жер тилкелерине уруксаат берилсин.
2. -0,80га жер тилкесине курулуш иштери аяктаганча, ѳндүрүштүк база жайгаштырууга уруксаат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысына (К.Т.Тюлегеновго) тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |