АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ананьев Айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын XIII сессиясы
2018-жылдын12 -январы № 27/13-3
Ананьев айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине эмгек акысына 20% кошумча төлөө жөнүндө
Ананьев айыл өкмөтүнүн башкы адиси юрист А.К.Бурабаеванын айыл өкмөттүн кызматкерлеринин эмгек маянасына 20% жергиликтүү бюджеттен кошумча акы төлөп берүү жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдагы бугу айынын 30 дагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Мыйзамынын 31- беренесинин 6-бөлүмүнө ылайык Ананьев айыл өкмөттүн кызматкерлерине эмгек маянасына 20% жергиликтүү бюджеттен кошумча акы төлөп берүү жагы каралсын.
2. Токтомдун аткаруу жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы З.М.Аттоевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Э.Б.Супаевке жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Кубат уулу Т. |