Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ананьев Айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын XIII сессиясы
2018-жылдын12 -январы № 27/13-4
Ананьев айлындагы больницада иштеп жатышкан врачтарга акча каражаты жагынан жардам берүү маселесин карап, угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
токтом кылат:
1. Ананьев айлындагы больницада иштеп жаткан врачтар Кадыркулов Асылбек, Мамытов Улукбек, Аскерова Гульнур жаш адистерге 50 миң сомдон жалпы суммасы 150 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Башкы врач Малабеков Бердибайга материалдык жардам катары 20 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Э.Б.Супаевке тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
5. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Кубат уулу Т. |