Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ананьев Айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын XII сессиясы
2017-жылдын 12 -декабры № 27/12-8
Финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.М.Аттоеванын киреше бөлүктүн планы 736,6 миң сомго көбөйгөнүнө байланыштуу чыгаша бөлүктүн планы 736,6 миң сомго көбөйтүү боюнча сунушун угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Киреше бөлүктүн планы 736,6 миң сомго көбөйгөнүнө байланыштуу, чыгаша бөлүктүн планы 736,6 миң сомго ЖКХ бөлүмүнө статья 2215 көбөйтүлсүн.
2. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын № 7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышы Ананьев айыл аймагынын башчысы Э.Б.Супаевке жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.М.Аттоевага милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Бюджет, финансы, экономика, инвистиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Кубат уулу Т. |