КҮН ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын XI- сессиясы
2018-жылдын 13 -февралы № 1
Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүндө ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
Күн-Чыгыш айыл аймагында калктын 99,8 % ы кыргыз улутунда, калганы 0,02%ы калк мамлекеттик тилди өздөштүрө тургандыгын эске алып, Күн-Чыгыш айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күн-Чыгыш айыл аймагында ченемдик укуктук актылар мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.12.2009-ж.№ 743 токтому менен бекитилген “ Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан эске алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын жооптуу катчысы Г.Шакировага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жеке өзүмө калтырам.
Төрага | Ж. Баялиев |