Загрузка документа…
КҮН ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын XI- сессиясы
2018-жылдын 13 -февралы № 2
Күн-Чыгыш айыл аймагынын башчысы У.Турганбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кун-Чыгыш айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күн-Чыгыш айыл аймагынын таштанды төгүүчү полигонун уюштурууга Бөкөнбаев айылынын күн-батыш тарабындагы Боз-Бешик участкасынан Балыкчы-Каракол трассасынын 2,5 км алыстыкта жайгашкан №169 контурундагы 10 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Көрсөтүлгөн жер аянтына өзгөртүү киргизүүжагы Тоң райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын. Иш кагаздарын бүтүрүү жагы Күн-Чыгыш айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Турганбаевге тапшырылсын .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин инфраструктура боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ж. Баялиев |