Загрузка документа…
КҮН ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын XI- сессиясы
2018-жылдын 13 -февралы № 5
Күн-Чыгыш айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Т.Киндикараевдин 2017-жылындагы аткарган иштеринин отчету жана 2018-жылга карата бюджетин бекитүү тууралуу жана жайыттарды башка максатта жана өзгөчө пайдалануудагы жайыт акысынын чектелиши, ирээти жөнүндөгү билдирүүсүн угуп, талкуулап Күн-Чыгыш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрагасы Т.Киндикараевдин 2017-жылындагы аткарган иштеринин отчету канаттандырылсын.
2. 2018-жылга карата жайыт комитетинин бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалар боюнча бекитилип берилсин.
3. Жайыттарды башка максатта жана өзгөчө пайдаланган учурда томөндөгүдөй жайыт акысы чектелсин:
· Дары чөп чогулткандар үчүн – 500 сом бир жолу жылына;
· Мөмө-жемиш чогулткандар үчүн – 500 сом бир жолу жылына;
· Жайыттардан чөп чабуу, чогултууга- 1 га жер аянтына 500 сом;
· Жайыт жерлерин туризм багытында иштетүүбоюнча – 1 га жер аянтына 1000 сом;
· Бал чарбачылыгы үчүн – 1000 сом бир жолу жылына;
· Асылдуулугу төмөн айыл чарба багытындагы жайыт жерлерди өздөштүүрүүгө алган жарандар үчүн пайдалануу катары 100 сомдон ар бир гектар жер аянтына белгиленип, салык өлчөмү Салык Кодексинин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлсүн.
4. Боконбаев айылынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрүнүн сунуштарын эске алуу менен 2018-жылдын жайкы мезгилинде малчылардын мал багуу эмгек акысы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
· Уй, ар бир мал башына - 200 сом;
· Торпок - 200 сом;
· Тубар бээ - 200 сом;
· Тай - 300 сом;
· Кой - 45 сом;
· Эчки- 50 сом;
· Топоз - 200 сом;
· Туз бир жолу - 7 сом;
· Купка бир жолкусуна- 10 сом.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жыл 19-июнундагы № 386 Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы жыйынын чечиминин негизинде жайыт акынын өлчөмү кошкон малдын сырткары төлөнүп, малдын түрүнө жараша ар бир мал башына төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
· Уй, жылкы мал башына – 60 сом;
· Тай, торпок мал башына – 60 сом;
· Топоз мал башына - 120 сом;
· Мамалак мал башына - 65 сом;
· Кой, эчки мал башына - 15 сом.
· жалпы жыйында бекитилген мал багуу акысынын өлчөмүнөн ашыкча, өз акысын коюп алууга уруксаат берилбесин, жана мыйзам чегинде жооп берет.
6. Жакынкы жайыт жерлерине калып мал баккандар үчүн белгиленген өлчөмдөн 2 (эки) эсе жайыт акы төлөө жагы менен козуларга да жайыт акысы эсептелип бекитилсин.
7. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы жыйынын чечиминин жана Күн-Чыгыш айылдык Кеңешинин 18–ноябрь 2015-жылындагы ХXIV- сессиясынын № 7 токтому менен бекитилген, «Күн-Чыгыш айыл аймагындагы мал чарбачылыгы боюнча, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө» Жобонун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айыл Өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Т.Курманбаевге, мал чарбачылыгы боюнча жана ветеринардык адис М.Баястановго, жайыт комитетинин төрагасы Т.Киндикараевге милдеттендирилсин.
8. Жайыт боюнча бюджеттин аткарылышын жана жайыт акылардын түшүшүн камсыздоо, көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Киндикараевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Баялиев |