Загрузка документа…
КҮН ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз- сессиясы
2018-жылдын 13 -марты № 6
Тоң райондук ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча башкармалыгынын маалыматын угуп, талкуулап Күн-Чыгыш айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күн-Чыгыш айыл аймагынын мал жандыктарын ветеринардык жактан тейлөө, дарылоо, алдын –ала эмдөө профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү максатында АРИС долбоору менен ветеринардык клиника, мал кармоочу жай, кыркын пунктун куруу үчүн “Кайырма” участкасынан № 336 контурунан 0,50 га жер аянты Тоң райондук ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча башкармалыгына уруксаат берилсин.
2. Көрсөтүлгөн жер аянтына өзгөртүү киргизүү жагы Тоң райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык Кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиcсиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Баялиев |