Загрузка документа…
КҮН ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз- сессиясы
2018-жылдын 13 -марты № 9
“Ак-Барс Групп”жоопкерчилиги чектелген коомунун маалыматын угуп, талкуулап Күн-Чыгыш айылдык Кеңеши
1. Бөкөнбаев айылынын элдеринин муктаждыгын чечүү максатында Бөкөнбаев айылынын ичине маршуруттук көп орундуу унаа жүргүзүлсүн.
2. Маршуруттук унаанын акысынын тарифи 5 жашка чейин акысыз, 5 жаштан 12-жашка чейин 5-сомдон, 12 жаштан өйдө 10 сом болуп бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Турганбаевге жана “Ак-Барс Групп” жоопкерчилиги чектелген коомуна тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Баялиев |