Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-февралы № 11/8
Күн тартибиндеги Кой-Таш айылындагы суу түтүктѳрүн тактоо жана убактылуу пайдаланууга берүү боюнча комиссия түзүү жѳнүндѳ айыл тургундарынын кайрылуусун, айылдык Кеӊештин депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап,жергиликтүү айылдык Кеӊешинин V11-чакырылышынын кезексиз Х1-cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кой-Таш айылындагы суу түтүктѳрүн тактоо жана убактылуу пайдаланууга берүү боюнча тѳмѳнкү курамда комиссия түзүлсүн.
1) Райымбеков.К айылдык Кеӊештин депутаты- комиссиянын тѳрагасы
Мүчѳлѳрү;
2) Сыйдалиев.Ы -айылдык Кеӊештин депутаты
3) Калпаков.Н -айылдык Кеӊештин депутаты
4) Козубеков.А -айылдык Кеӊештин депутаты
5) Осмонбеков.Ж -Караган-Сай айылынын тургуну
2. Кой-Таш айылындагы суу түтүктѳрүн тактап түзүлгѳн актынын негизинде кабыл алуу жагы комиссиянын тѳрагасы К.Райымбековго жүктѳлсүн.
3. Айылдык Кеӊештин макулдугу менен эӊ керектүү жерлерге: Таштак айылына-5 (беш) ,Кой-Таш айылына 5 (беш) даана тил кат алуу менен суу түтүктѳрү берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы ,айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
5. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |