Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-апрели № 12/1
Жаӊы-Жол айыл аймагындагы айылдарда ѳткѳн чогулуштардын жыйынтыгы боюнча,айыл ѳкмѳт башчысынын билдирүүсүн,айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезектеги Х11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жакынкы жайыттарга кѳчүү-25.04-30.04.2018-жылга жана жайлоодон кѳчүп келүү . 05.09.2018 жылга , Кой-Таш айылы үчүн 01.09.2018 -жылга белгиленсин.
2. Бада тѳлѳмү—жандыкка-60 сом,кара малга-350 сом,тузу мал ээсинен.Кой,эчки жоголсо ордуна башына баш ,козуга 1500 миӊ сом,улакка 800 сом тѳлѳнүп берилсин.Күзгү бада тѳлѳмү 60 сомдон, жоголсо башына баш тѳлѳнсүн.Күзгү бада алган бадачылар айыл ичинен сырткары, жакынкы жайыттарга отурушсун.
3. Бадачыларга жайыттарды бѳлүштүрүп берүү жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы К.Райымбековго жүктѳлсүн.
4. Жер айдоо акысы-үлүш жерлерге—35 сомдон,менчик огороддорго—50 сомдон белгиленсин.
5. Жогорудагы белгиленген бааны, кѳчүп чыгуу,кѳчүп келүү мѳѳнѳтүн бузгандарга жана эгин аянттарын, чѳп чабындыларды майкандаган малга түзүлгѳн актынын негизинде административдик чара кѳрүү жагы айыл ѳкмѳт башчысына жүктѳлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |