Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-майы № 13/1
Күн тартибиндеги Жаңы-Жол айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине келген атайын техниканын ѳздүк салымы үчүн 2018-жылдын бюджетинен каражат бөлүү жөнүндө, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы К.Райымбековдун жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин V11-чакырылышынын кезексиз Х111-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине келген атайын техникасынын ѳздүк салымы үчүн,айыл ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын бюджетинин эсебинен 214 (эки жүз он тѳрт) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Раздел 70629 -22154900 статьясынан 214(эки жүз он тѳрт ) миӊ сом акча каражаты кыскартылып, Раздел 70111-31121290 статьясына жылдырылсын.
3. Жогорудагы акча каражатын мыйзамдуу жана максаттуу чыгымдоо жагы ФЭБ башчысынын убактылуу м.а Р.Эсенкуловго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
5. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |