Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 30 -январы № 45/VI-27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К.Жумаканованын “Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018 жылга штаттык бирдиктерди киргизүү жөнүндөгү” билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Штаттык тизмедеги негизги эсеп боюнча төмөнкү бөлүмдөрдөн штаттык бирдиктер бекитилсин:
Айыл өкмөтүнүн аппараты -14 бирдик
Турак –жай, коммуналдык чарбасы – 2,5 бирдик
Китепкана- 1,5 бирдик
Маданият үйү-4,5 бирдик
2. Спорт жана дене-тарбия боюнча инструкторуна маданият бөлүмүнөн 1 бирдик каралсын жана эмгек акысы 6500 сом бекитилсин.
3. Штаттык тизимдеги атайын эсеп боюнча төмөнкү бөлүмдөн: Турак-жай, коммуналдык чарбасы - 9 бирдик.
4. Атайын эсеп бөлүмүнөн турак-жай коммуналдык чарбасынын бригадиринин жана контролерунун ишин стимулдаштыруу максатта эмгек акысы 3500 сомго көбөйтүлсүн.
5. Атайын эсеп бөлүмүнөн мамлекеттик тил адисине 0,5 бирдик каралсын, эмгек акысы 2500 сом бекитилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө - Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |