УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 30 -январы № 47/VI-27
Жайыт жерлерди пайдалануучулардын коомуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жайытты пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 26 январь 2009 –жылындагы № 30 “Жайыт жөнүндө” мыйзамына ылайык жана Узун-Кыр айыл аймагынын Жайыт комитетинин башчысы-Б.Умурзаковдун “Жайыт жерлерди пайдалануучулардын коомуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жайытты пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды бөлүп берүү жөнүндө ” типтүү келишим боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жайыт жерлерди пайдалануучулардын коомуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жайытты пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды бөлүп берүү жөнүндө ” типтүү келишим бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө-Узун-Кыр айылдык кеңешинин агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |