УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 30 -январы № 50/VI-27
Дружба айылынын “Карл-Маркс көчөсүнүн жолун оңдоо иштерин жүргүзүү” долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.11.2018-жылдагы № 633 номерлүү “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык жана Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн жер, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы боюнча башкы адиси - Т.Усупбаеванын “Дружба айылынын Карл-Маркс көчөсүнүн абалы жөнүндөгү” билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Өнүгүү фондусу тарабынан каржылана турган Дружба айылынын “Карл-Маркс көчөсүнүн жолун оңдоо жөнүндө” долбоору бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө - Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы С.А. Чокошовго жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |