УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 30 -январы № 51/VI-27
Узун-Кыр айылдык кеңешинин жана Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн ишинин 2018-жылга болгон иш-планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 47-беренесинин негизинде, ошондой эле мамлекеттик башкарууну эффективдүү аткаруу, экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн темпин өстүрүү жана аткаруу бийлигинин ишин күчөтүү максатында, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айылдык кеңешинин жана Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2018-жылга иш планы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык кеңешинин социалдык суроолор, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Н.Кыдыралиевага жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |