Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 23 -марты № 53/VII-27
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 47-беренесинин негизинде, мамлекеттик башкарууну эффективдүү өнүктүрүү, экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн темпин жогорулатуу жана аткаруу бийлигинин иштешин активдештирүү максатында, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл аймагынын 2018-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.
2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнө, бюджеттик мекемелердин жана менчик формаларына карабай бардык чарбалардын жетекчилерине, 2018-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планын аткаруу боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө -Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы С.А.Чокошовго жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |