Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 28 -апрели № 55/VIII-27
Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 12-апрелиндеги Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамына ылайык, 2009 жылдын 3-сентябрында № 557 номерлүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кайра бөлүштүрүү фондусунун жер тилкелеринин “Айыл чарба багытындагы” жер тилкелеринен “Өнөр жай, коргоо, байланыш жана башка багыттагы” жер тилкелерине которуу” жөнүндөгү токтомунун, 2017-жылдын 20-июлундагы “Казып иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна” берилген 5519 ТЕ номерлүү лицензиясынын жана 20 июль 2017-жылдагы №1 лицензиялык макулдашуунун негизинде, Жер Кодексинин 13, 32 чи беренелерине Ысык-Ата райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынан 2015-жылдын 4-сентябрында алган корутундусунун жана Ысык-Ата райондук кыймылсыз мүлктү жерге жайгаштыруу башкармалыгынын 2015-жылдын 1-сентябрындагы № 01-10/651 номерлүү корутундусунун негизинде, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ураим-Ата” ЖЧК сына № 345 чи контурдан жалпы ченеми 10,0 гектар болгон жер тилкесин казып иштетүү максатында лицензиянын мөөнөтүнө чейин, б.а. 2036 жылдын 20 июлуна чейин убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы – С.А. Чокошовго:
“Ураим - Ата” жоопкерчилиги чектелген коому менен 10,0 га жер тилкесин убактылуу пайдалануу үчүн мыйзам чегинде келишим түзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө -Узун-Кыр айылдык кеңешинин агрардык суроолор боюнча комиссиясынын төрагасы-К. Душекеевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |