УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 18 -июлу № 57/IX-27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2019-2021 жылдарга жергиликтүү бюджетинин божомолун колдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодекс” мыйзамынын негизинде жана 2019-2021 жылдарга бюджеттин божомолун карап жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2019-2021 жылдарга жергиликтүү бюджетинин божомолу:
- 2019 жылга киреше жана чыгаша бөлүмү боюнча – 9353,8 миң сом;
- 2020 жылга киреше жана чыгаша бөлүмү боюнча – 9663,5 миң сом;
- 2021 жылга киреше жана чыгаша бөлүмү боюнча – 10096,1 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты колдоого алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык кеңешинин каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мусаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |