Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 18 -июлу № 58/IX-27
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагынын Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн Уставы бекитилсин.
2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аппаратына:
- Уставдын кабыл алынган редакциясын элге тааныштыруу максатында Уставдын көчүрмөсү маалымат такталарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарында жайгаштырылсын;
- бул токтом Уставдын текстин тиркөө менен нормативдик-укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек аймактык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык кеңешинин социалдык суроолор, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |