Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017 -жылдын 27 -январы № 9/11-27
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу” жөнүндөгү Мыйзамынын 47 беренесинин негизинде, мамлекеттик башкарууну эффективдүү өнүктүрүү, экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн темпин жогорулатуу жана аткаруу бийлигинин иштешин активдештирүү максатында жана 2017-2020-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиясы боюнча коомдук угууларды эске алуу менен бирге билдирүүлөрдү угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айыл кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиясы боюнча 2017-жылдын 20-январындагы коомдук угуулардагы сын-пикирлердин, сунуштардын негизинде кошумча - алымчасы менен айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Айдарбековдун билдирүүсү угулсун.
2. Узун-кыр айыл аймагынын 2016-2019-жылдарга түзүлгөн социалдык – экономикалык өнүгүүнүн стратегиясы, 2016-жылдын 13-декабрындагы коомдук угуулардагы сын-пикирлердин, сунуштардын негизинде кошумча – алымчасы менен бекитилсин.
3. Узун-кыр айыл өкмөтүнө, бюджеттик мекемелердин жана менчигинин түрүнө карабай бардык чарбалардын жетекчилерине жана ишкана жетекчилерине, айыл өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиясынын аткарылышы боюнча планда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын камсыз кылуу боюнча зарыл болгон массалык иш-чараларды алып баруу милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө - социалдык суроолор, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы –Н.Н.Кыдыралиевага жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |