Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017 -жылдын 27 -январы № 10/11-27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К.Жумаканованын “Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо” Агентствосу (АРИС) тарабынан “Айылды инвестициялоо” долбоорунун негизинде, Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн “Жер-Казар айылынын “Нур бакча” бала бакчасынын айланасын коргоо жана кир жуучу жайды оңдоо иштерин жүргүзүү жана жабдууларды алуу” боюнча иштелип чыккан долбоорун жергиликтүү бюджеттин эсебинен кош каржылоо жөнүндө” билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн “Жер-Казар айылынын “Нур бакча” бала бакчасынын айланасын коргоо жана кир жуучу жайды оңдоо иштерин жүргүзүү жана жабдууларды алуу” боюнча иштелип чыккан долбоорун жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5% өлчөмүндөгү жалпы суммасы – 81009 (сексен бир миң тогуз) сом акча каражатын сметалык төлөмү бекитилсин.
2. “Жер-Казар айылынын “Нур бакча” бала бакчасынын айланасын коргоо жана кир жуучу жайды оңдоо иштерин жүргүзүү жана жабдууларды алуу” долбоору колдоого алынса, 81009 (сексен бир миң тогуз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен 2017-жылы кечиктирилбестен каржылансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө - Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – М.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |