Редакцияот 27.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017 -жылдын 27 -январы № 11/II-27

Ири мүйүздүү малды идентификациялоонун баасын, ветеринардык адистин тейлөө кызматын, бирканын баасын жана идентификацияланган күбөлүктүн баасын бекитүү жөнүндө

 

Ысык-Ата райондук ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгын 21.11.2016 жылдагы № 245 “Ири мүйүздүү малды идентификациялоонун баасын, ветеринардык адистин тейлөө кызматын, бирканын баасын жана идентификациялган күбөлүктүн баасын бекитүү жөнүндөгү катынын, Кыргыз Республикасынын “ Малдарды идентификациялоо жөнүндө ” Мыйзамынын жана Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн пилоттук долбоорго катышуусунун негизинде, Узун-Кыр айылдык кеңеш,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ири мүйүздүү малды идентификациялоонун,ветеринардык адистин тейлөө кызматын, бирканын жана идентификациялоо күбөлүктүн баасын:

1 бош бодо малга – 70 сом, анын ичинде:

-       бекителген бирканын баасы – 37 сом 76 тыйын

-       ветиринардык врачтын тейлөө кызматы – 32 сом

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы- Т.А. Кадыркуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж.А. Малабаев